Автобус айдоочулары жол кыймылы эрежелери боюнча тест тапшырат

  Мезгил

Автобус айдоочулары тестирлөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалым болгондой,  жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө күчөтүлөт. 9-октябрдан 11-октябрга чейин Бишкектин жүргүнчү автотранспорту мекемеси айдоочуларга атайын инструктаж өткөрөт.

Аны окуган айдоочулар жол кыймылы эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча тест тапшырат.

Андан өтпөй калгандар ишке алынбайт. Бирок автобазанын тажрыйбалуу кызматкерлеринин ар бирине кетирген каталарын жоюуга жана ишин жакшы өздөштүрүүгө убакыт берилет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *