Автобуста тыгылып бара жаткан милиция кызматкерлери боюнча ИИМдин жообу: Автобустун ичи тазаланып турат

  Мезгил

Интернетте тараган автобуста тыгылып бара жаткан милиция кызматкерлеринин сүрөтү боюнча Ички иштер министрлиги жооп берди.

-Учурда Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө коронавирус илдети жайылап жаткандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Өзгөчө абал учурунда бардыгы үйдө отура албайт, анткени укук коргоо органдары, мамлекеттик жана айрым уюмдар абалдын оордугуна карабай иш үстүндө болууда.

Өзгөчө абал учурунда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу бардык соода-түйүндөрү, билим берүү мекемелери жабылып, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулган. Ички иштер органдары жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо жүктөлгөн. Коомдук транспорт токтотулуп, жеке транспорт менен жүрүүгө дагы уруксат берилбегендиктен, милиция кызматкерлери дагы өз унааларын токтотууга туура келди.

Көчөлөрдө көзөмөл жүргүзүүчү кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында алар жашаган жери боюнча милиция бөлүмү менен бөлүмчөлөргө бөлүнүп, аталган бөлүктөрдө кызмат өтөп жатышат. Андан сырткары санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, блокпосттордо турган кызматкерлер жеке коргонуучу атайын кийимдер менен камсыз болушкан.

Кызматкерлерди кызматтык автоунаалар менен алып кетип, кайра жеткирип жатышат. Ал эми алыс жашагандар кыйынчылыктарга дуушар болбошу үчүн автобустар каттап жатат. Автобустардын ичи атайын каражаттар менен тазаланып турат. Ошондой эле кызматкерлер зарыл болгон жеке гигиеналык каражаттар менен камсыздалган-дейт министрлик.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *