Автобустарга беткап тагынбаган жүргүнчүлөрдү аныктай турган камера орнотулду

   Мезгил

   Алматыда автобустарга беткап тагынбаган жүргүнчүлөрдү аныктай турган камера коюлду.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Маалымдалгандай, коомдук унааларда санитардык талаптын сакталышы онлайн режимде көзөмөлдөнүп турат.  Беткап тагынбаган жарандарга айдоочу эскертүү берүүгө тийиш. Эгерде жүргүнчү тартипке көнбөсө милиция кызматкери чакыртылып,   айып пул төлөйт.  

 Алматыны  цифрлаштыруу  бөлүмүнүн башчысы Баян Конырбаевдин айтымында, мындай “акылдуу” камера бир гана автобуска орнотулган.

 Анын айтымында мындай камералар айдын аягына чейин бардык автобустарга орнотулат.

Белгилей кетсек, “акылдуу камера” бир гана беткапты тагынбагандарды аныктабастан, аралыкты сактабагандарды да аныктайт.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *