“Аял эркексиз кош бойлуу боло албайт ” же Сапар Исаковдун тор артындагы хохмалары

     Мезгил

Тор артында туруп алып Сапар Исаков клоунга айланып бараткандай. Өткөндө мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов “мен күнөөлүү эмесмин, мени бошоткула” деп темир торду каккылаган болчу. Ага салыштырмалуу Сапар Исаков абактагы оор күндөрүн күлкүлүү сөздөр менен жеңип, өзүн-өзү алаксытып, “бактылуу күндөрдү” башынан кечирип жатат окшойт. Бүгүнкү сотто:

Айбек Калиев Сапар Исаковго: Бул жерде ТВЕАнын өкүлдөрүнүн болушу керек го, алар кандай зыян алып келгендигин түшүнүү үчүн? – деген суроо узатты.

Сапар Исаков: – Ооба, албетте. Кечирип коёсуңар, аял эркексиз кош бойлуу боло  албайт да – деп боорду эзди.

Кыязы Сапар Исаков абакта жалгыз жатып, кан басымы башка тээп, гормондору кошо ойной баштаган окшойт. Кечөө сурак берип жатып судьяга “Балким сиз уга берип тажап кеткендирсиз?” деген суроо узатты эле, судья “Жок, тажаган жокмун, бул менин ишим” деп жооп узаткан.

Андан алдың Сапар Исаков “Орун басарым Мухаммед Лоу күбө боло алат, 2013-жылы мен жумуштан кетүү боюнча арыз жазганмын. Жыйынтыгында Атамбаев өзүнө чакырып, кечирим сураган. Бул чыр эмнеден келип чыкканын айтпаймын. Бирок ал өзүнүн туура эместигин мойнуна алды. Биз ар дайым аны менен урушуп турчубуз, буга күбө болгондор көп. Мен баш ийкегенди жана ийилгенди жактыра бербеймин. Мен ошондой кишимин”, – деп аргасыз жылмайткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *