Аялын үч күн бою сабаган жаран кызматтан бошотулду

Мезгил

“Айыл Банк” ачык акционерлер коому үч күн бою аялын сабаган деп шектелип жаткан Таалай Сыдыковду өз арызынын негизинде  “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотуу тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтына таянсак, 2020-жылдын 10-апрелинде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Н.С. аттуу жаран күйөөсү Т.С.га карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. Анда күйөөсү мас абалында аны үч күндөн бери сабап, үйдөн кууп чыккандыгын билдирген. Кылмышка шектүү өткөн дем алыш күндөрү борбордук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын комендантынын билдирүүсү боюнча, 12-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Т. С. убактылуу кармоочу жайдан, камактан бошотулган.

Белгилей кетсек, 40 жаштагы Таалай Сыдыков 2015-жылдан бери КРнын Президентинин Аппаратынын экономикалык анализ бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, бирок 2019-жылдын май айында кызматтан бошотулган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *