Азамат Арапбаев “кара карга” беле?

Мезгил

Кечөө 31-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар  “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Ага 110 депутат макул деп добуш берсе, бир гана депутат Азамат Арапбаев каршы чыккан. Бул эл өкүлү уранды иштетүүгө каршы чыгабыз деген демилгени колдоймун деп, добуш берүүгө келгенде тескери баскычты басып алган окшойт. Же уран менен торий иштетебиз деген бизнесмендерди жалгыз өзү колдойбу, анысы белгисиз болуп калды.

Мыйзам долбоорун «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбековдор демилгелеп, сүрөп чыгышкан.

Быйыл жазында, апрель айында Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполунда уран кенин иштетүүгө жергиликтүү эл каршы чыгышкан. Алар кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Акция Бишкекте да уланган. Бул аркеттер өкмөттүн уран кенин казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын ишин токтотууга түрткөн.  Муну президент Сооронбай Жээнбеков да колдоого алып, парламент болсо аны колдоп, токтом токуганга жетишкен. Эми тьюу салган мыйзам кабыл алып олтурат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *