Азамат Болгонбаев  КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

 Мезгил

Төкмө акын Азамат Болгонбаев  КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Кеңештин мүчөлөрү бир добуш менен Азамат Болгонбаевди шайлашты.   Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү жаңы шайланган төраганы куттуктап, КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти.

Ошондой эле бүгункү жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып бир добуштан бекитишти.

2019-жылдын июнь айында  Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына үчүнчү мөөнөткө  шайланган Жыпар Жекшеев өткөн жылдын ноябрь айында кеңештин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *