“Азаттык” жана Матраимовдор “таймашы”, ким жеңилди? (видео)

   Мезгил

Өткөн аптанын аягында Ош шаарында болгон окуялар коомчулуктун көз жаздымынан калбай келет. Анда “Азаттык” уналгысынын теле-операторунун жабдыктары “каракчылык менен тартылып алынды” деп журналисттер тарабынан Матраимовдордун үй-бүлөсү жана алардын кызматкерлери айыпталып жаткан. Иш боюнча жабырланды делген тарап да, айыптуу деп айтылып келген экинчи тарап да укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, ден соолугубузга залал келтирилди деп бейтапканаларга кайрылышкан. Окуя боюнча “Азаттыктын” журналисттери Матраимовдорду айыптап, буга чейин ар кандай билдирүүлөрдү таратып келген. Коомчулуктун пикирин журналисттерге карата басым жасалып жатат, сөз эркиндиги тебеленип жатат деген чуу уюштуруп, ага бурууга да жетишишти. Алардын айрым билдирүүлөрү эки ача чыгып калган учурлар да байкалган.

Кечөө бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйнтыгы даяр болгондугун Ош шаардык ИИБсы билдирди. Соттук-медициналык экспертизанын жыйнтыгына ылайык “Азаттыктын” оператору 1989-жылы туулагн Айбек Кулчумановдун ден солугу куландан соо экендиги аныкталган. Жабдыктарды тартып алуу учурунда мээси чайкалып, баш мээси жабык түрдө жаракат алган деген субъективдүү даттануунун негизинде коюлган диагноз аныкталган жок. Мындан сырткары башынан жана бетинен жаракат алган белгилер байкалган эмес.

Эске сала кетсек “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов журналист Али Токтакуновдун буйругу менен Матраимовдордун Оштогу үйүн тасмага алуу тапшырмасы менен барган. Оштун автовокзалынан такси жалдаган. Дрон аркылуу тасмага алуу учурунда ал Руслан Матраимов жашап жаткан үйдүн короосунда иштеп жаткан багбандын башына кулаган. Кийин Матраимовдордун тарапташтары иштин чоо-жайын териштиришкен. Муну “Азаттыктын” кызматкерлери “Каракчылык аракети болду” деп айыптап чыгышкан.

Ал эми бир эле окуянын экинчи жабырлануучусу болуп саналган багбан, 1998-жылы туулаган А. уулу О.нун башына дрон түшүп кетип, жарат алгандыгы аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйнтыгына ылайык баш мээси жабык түрдө жаракат алып, мээси чайкалгшандыгы аныкталган. Башынын оң жагында ачык түрдөгү жара жана шишик бар экендиги белгиленди.

28-сентябрда болгон окуядан 22 миң 700 доллардык видеокамера штативи менен тартылып алынган деген маалымат таратылган. Кийин белгилүү болгондой бул жабдыктар укук коргоо органдарына кайтарылып берилген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйнтыгы какшайып турганына карабастан “Азаттыктын Медиа”  мекемеси журналист Ыдырыс Исаковдун коопсуздугун шылтоо кылып, оператор Айбек Кулчуманов кодуланды деген доо менен Башкы прокурорго жана ИИМге кайрылуу жолдоду. Булардын жооругу уят иш кылып “жылжытып” койгон кыз “жылжытпаган” кыздын бетин тырмаптыр дегенден да ашып түштү. Жеңилген жерге тойбойт, ызакор болот деген чын белем. “Азаттык” үналгысынын Кыргызстандагы бийик аброюн, кесиптик деңгээли жогору болгон коллективинин кашыктап чогултакан абирин, кутумчу кейиптенген 2 журналист чөмүчтөп чачып түгөтмөй болду окшойт. Булар дагы кандай акысыз “концерт” уюштурарын алдыда көрүп жатарбыз?!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *