Азия чемпионаты: Кыргыз спортчулары жалпысынан 11 медаль утту

   Мезгил

Нью-Дели шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары жалпысынан 11 медаль утту.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Азат Салидинов (87 кг) күмүш медаль, Руслан Царев (72 кг), Ренат Ильяз уулу (77 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) жана Роман Ким (130 кг) коло байгеге ээ болгон.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло жана Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш медаль утуп алышты.

Эркин күрөштүн өкүлдөрү эки алтын жана эки коло байге алып келди.

 Улукбек Жолдошбеков (61 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) 2020-жылкы Азия чемпиону наамына жетсе, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) менен Исламбек Орозбеков коло байгени утуп алышты.

Белгилей кетсек, 18-февралдан 23-февралга чейин Нью-Дели шаарында Азия чемпионаты өттү. 

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *