Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 млн доллар берет

   Мезгил

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыя жана берүү жөнүндөгү (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоору) макулдашуунун долбоору каралды. Жыйында Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов баяндама жасады.  

Министрдин айтымында Азия өнүктүрүү банкы аталган макулдашуунун негизинде бюджетти колдоо багытында 20 млн. АКШ долларын берет. Анын 10 млн. АКШ доллары грант, калганы насыя.

Мындан тышкары, тармактык комитеттин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы  Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору тууралуу маалымат берди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *