Азия өнүктүрүү банкы шаардык транспортту электрлештирүүгө 65 млн доллар бөлөт

    Мезгил

Азия өнүктүрүү банкы шаардык транспортту электрлештирүүгө Бишкек мэриясына 65 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди. 

Маалым болгондой, Азия өнүктүрүү банкы жана Каржы министрлиги менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Ага ылайык, долбоор төрт этаптан турат.

Алгач зыяндуу калдыгы жок автобус паркы модернизацияланат. Бул этапта энергияны үнөмдөөчү заманбап аккумулятордук электр автобустарды, кубаттоочу инфраструктураны жана автобусту тейлөө үчүн шаймандарды сатып алуу пландалууда. Экинчи баскычта жаңы автобустар токтой турчу жайлар курулат. Үчүнчүдө унаанын мобилдүүлүгү үчүн пилоттук «жашыл» коридор түзүлөт. Долбоор 58,9 миллион долларга бааланат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *