Азиз Батукаевдин иши. Дагы кимдер камалат?

   Мезгил

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча бир катар чиновниктер камакка алынууда. Кечээ мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева суракка алынса,  андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн ал камакка алынды.

 Ал эми кезекте  мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов экендиги айтылууда.  

Белгилей кетсек, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши ушул жылдын январында жаңыланган. Ал боюнча ууруга рак дартын койгон дарыгерлер жана лаборанттар сурак берүүдө.

Эске салсак, буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *