Азиза АБДРАСУЛОВА: “Атамбаевдин укугу бузулууда”

Мезгил

Бүгүнтөн тарта оор кылмыштарга айыпталган экс-президент Атамбаевди мындан аркы соттук териштирүүлөргө катыштырбай эле ансыз процессти улантуу боюнча баш калаанын Биринчи Май райондук соту чечим чыгарды. Судьянын мындай чечимине Атамбаевдин сот залынан темир торго кирбей, көгөруп койгондугу себеп болгон. Биз мындай чечимдин канчалык деңгээлде акыйкат экенин билүү максатында белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасуловага кайрылдык. 

-Азиза айым, баш калаанын Биринчи Май райондук сотунун кезектеги жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн айыпталычулардан айырмаланып темир тосмого киргенден баш тартса, сот аны мындан аркы процесстерге катыштыруу укугунан ажыратып, ансыз эле соттук отурумду өткөрүүгө чечим чыгарды. Мындай чечим канчалык деңгээлде мыйзамдуу деп ойлойсуз?

–Биздин “Кылым Шамы” укук коргоо уюму бүгүн Атамбаевдин башына келип жаткан маселе боюнча убагында жогорку жетекчиликке көп эле кайрылганбыз. Бирок, убагында көңүл бурулган эмес. Азыр кайрадан кайталагым келип турат. 2013-2014-жылдары болсо керек, БУУнун адам укуктары боюнча кыйноолорго каршы атайын баяндамачысы Кыргызстанга келип, өлкөбүздөгү адам укугуна каршы келген фактыларды айтып, ал тизмектеген фактылардын эң алгачкылары болуп “соттолуучуларды капастарга киргизип коюу фактысы адам укугуна каршы келет жана кыйноонун бир элементи болуп эсептелет” – деп айткан. Ошондон кийин биз бир нече сотторго катыштык.

Ошол эле Садыр Жапаров баш болгон саясатчылардын сотторуна катышканда БУУнун адам укуктары боюнча кыйноолорго каршы атайын баяндамачысынын Кыргызстанга берген сунушу бар экенин, “айыпталуучулар айланасына коркунучсуз жагдайларды туудурбаса, соттолуучуларды адвокаттын жанына отургузуп эле суракка алгыла. Ал сот залында бирөөнү өлтүрүп койбосо, кимдир бирөөнүн өмүрүнө коркунуч келтирбесе, анда ал адвокатынын жанына отуруп эле соттун сурагына жооп бергенге укугу бар” – деп сунуш берген.

Демек, мындай шартта Атамбаевдин көгөрүп, темир капаска кирбегендиги туура экени, сот аны мындан ары процесстерге катышуу укугунан ажыратып, укугун бузган экен да, туурабы?

–Эл аралык келишимдерде менен алганда анын укугу бузулууда. “Темир торго кирбейм, мындай эле адвокатынын жанынан жооп берем” – деп айтканга Атамбаевдин толук укугу бар. Себеби, сот тарабынан Атамбаев күнөөлү деп табыла элек. Ага карата азырынча чечим чыга элек. Ал болгону айыпталуучу. Мыйзамда “призумпция невиновности” деген статья бар.

Кайсы айыпталуучу болбосун “балким ал күнөөсүз болуп калышы мүмкүн” – деген жагдай бар да. Ошондуктан, бүгүнкү күндө “призумпция невиновности” дегенди эске алып, экинчиден, “Атамбаев коомчулукка, өзгөчө сот залындагыларга коркунуч алып келбейт, алардын өмүрүнө кол салбайт” – деген жагдайларды эске алып туруп, темир капаска кирбей эле адвокатынын жанынан берилген суроолорго жооп берип, өзүнүн укугун коргосо, анын эч кандай эрен-төөрөнү жок болмок.   

Мезгил Ньюс        

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *