Азыр Россияда 1293, Казакстанда 241, Өзбекстанда 64 кыргыз жараны кылмыш мөөнөтүн өтөп жатат

   Мезгил

Жогорку Кеӊеште Акыйкатчынын 2018-жылы КРда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы угулуп жатканда, депутат Нурбек Тотонов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чараларын күчөтүү, айрыкча чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө жаткан жарандарга юридикалык жардам берүү зарылдыгына токтолду.

«Менимче, Акыйкатчы чет өлкөлөрдө, өзгөчө кыргыз жарандары көп жүргөн Россияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу зарыл. Албетте, каржылык жактан кыйынчылыктар бар, бирок бекер иштеп берейин деген жарандарыбыз деле жок эмес. Азырынча ошондой мигранттарды ишке тартыш керек», – деди депутат.

Акыйкатчы Токон Мамытов ушу тапта Россиянын аймагында 710 миӊ кыргы жараны иштеп жана жашап жатканын, өзү дагы буга чейин 3-4 жолу барып, тийиштүү органдардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салып, чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү ачуу ниети бар экенин, кошумча шататтарды кармоо үчүн каражат республикалык бюджет аркылуу чечиле турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Россияда 1293, Казакстанда 241, Өзбекстанда 64 кыргыз жараны кылмыш мөөнөтүн өтөп жатат. Алар негизинен маӊзат жүрүтүү, зордук-зомбулук, алдамчылык беренелери боюнча соттолгондор болуп саналат.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *