Акаев Кыргызстанга келиши тууралуу бийликке коңгуроо какты

Мезгил

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Орусиянын журналисттерине маек берип, Кыргызстанга келерин билдирди. 

– Менин мекениме келишиме эч кандай формалдык каршылыктар жок, бирок мага каршы информациялык чабуулдар болуп жатат. Болгону13 жыл мурунку калп маалыматтарды жалган жалааларды кайрадан айтып чыгышууда. Алардын айтуусунда мен жарым тонна алтын уурдаган экемин. Бирок, мен Алмазбек Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга баралган эмесмин, эки бир тууганыма топурак сала алган жокмун. Мага ачык эле коркутуу болгон, “аэропорттон кармаласын” деп. Азыркы бийлик мен жөнүндө бир да жолу пикир айткан жок. Мага карата ачылган кылмыш иштери токтогонуна 12 жыл болду – деди Аскар Акаев.

Ошондой эле ушул убакытка чейин мен жөнүндө туура эмес маалыматтарды окуп, угуп калам. Мен өз кесибимде иштеп, сүйүктүү ишим менен алекмин, өзүн жэңүүчү сезгендер бийликтен кетип калышканын кошумчалады мурдагы президент.

Эске салсак, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн улам Кыргызстандан чыгып кеткен. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *