Бүгүн АКШ жана Канададан 146 кыргызстандык учуп келди

Мезгил

Бүгүн, 23-майда Бишкекке Кыргызстандын окуучуларын ыкчам ташып кетүү максатында уюштурулган атайын каттам менен АКШ жана Канаданын ар кайсы шаарларындагы КРнын жеке жарандык-жактары жана АКШда тажрыйба алмашуу программасы боюнча окуп жаткан 109 мектеп окуучусу, 37 студент келди. Бул тууралуу  ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуучуларж ана студенттер ар кайсы шаарларда тажрыйба алмашуу программасынын алкагында FLEX, International Student Exchange, North West Student Exchange, Fullbright окуп жатышкан.

Дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана COVID-19 илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу, КР ТИМ КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдөн кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *