Жогорку Сот Албек Ибраимовду камакта калтырды

Мезгил

Бүгүн, 15-августта Жогорку Сотто Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралды. Анда Жогорку Сот Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

 Жогорку Соттун сыртына Ибраимовдун 100дөй тарапташы чогулду.

 Белгилей кетсек, 30-июлда Бишкек шаардык сотун  Бишкек шаарынын мурдагы мэри  Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин  кабыл алган.

  Эске салсак, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган . Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *