Бүгүн байланыш мамлекеттик комитетине Дастан Догоевдин талапкерлиги каралат

 Мезгил

Бүгүн, 28-майда  байланыш мамлекеттик комитетине Дастан Догоевдин талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 28-майдагы отурумунда Дастан Догоевдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылыгына талапкерлигин талкууга алат.  

Талапкерди сунуштоо боюнча вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасайт.

Өкмөт башчы буга чейин аталган кызмат орунга Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштаган.

Догоев паспорт чыры боюнча УКМКга жакында эле сурак берип чыкканы маалым. Мындан улам, Өкмөт башчынын бул кадамы коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *