Бүгүн Бириккен Араб Эмирлигинен 178 кыргызстандык Бишкекке учуп келди

  Мезгил

Бүгүн Бишкекке «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен 178 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мурдарак Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен “Дубай-Бишкек” маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

“Аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилген”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын БАЭден 3-майда жана 10-майда мекенине алып келүү үчүн кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишилгендигин эскертет. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *