Бүгүн Катар жана Кувейттен Кыргызстандын 107 жараны келди

   Мезгил

Бүгүн, 14-майда Бишкекке Катар жана Кувейттен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха – Бишкек» рейси аркылуу Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди. Бул тууралуу   ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

«Биздин жарандар менен чогуу Казакстандын 31 жараны учур келди. Аларды аэропорттон казак тарап тосуп алып, атайын унаа менен Казакстанга алып кетти», – деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, учуп келген жарандардын баардыгы обсервацияга жөнөтүлдү.

Чет жактагы жарандарды Кыргызстанга алып келүүнү уюштуруу боюнча иштер уланууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *