Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат

 Мезгил

Бүгүн Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой,  Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынан улам Бишкек шаарынын негизги көчөлөрү менен Чүй облусунун жолдору убактылуу жабылат.

Маалыматка ылайык, расмий коноктор өтүүчү көчөлөр 27-28-март күндөрү маал-маалы менен жабылып турат.

Мындан улам ЖККББ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керек экендигин эске салат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *