Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөргө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

 Мезгил

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан – Тажикстан курамаларынын беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөрдө транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдиришти.

Маалым болгондой, Дөлөн Өмүрзаков стадионунун тегерегиндеги жолдор тосулат.  

Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин; ал эми Абдумомунов көчөсү —Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

Мындан сырткары, Фрунзе көчөсү боюнча Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айдоочуларга маршрутту алдын ала пландоону эскертет.

Беттеш саат 20:00дө башталат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *