Бүгүн Бишкекте маршруттук таксилер каттамга 2 эсе аз чыкты

  Мезгил

 Бишкекте маршруттук таксилер каттамга 2 эсе аз чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан  билдиришти.

Маалым болгондой,  учурда болжол менен 800-900 кичи автобус элди ташууда.

Муну адистер бүгүн Кыргызстанда расмий түрдө дем алыш күн деп жарыяланганы жана жүргүнчү ташууга коюлган жаңы чектөөлөрдөн улам жол акыдан киреше табуу мүмкүнчүлүгү азайганы менен түшүндүрүүдө.

Бүгүн ордо калаада  ошондой эле 110 троллейбус жана 112 автобус иштеп жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *