Бүгүн Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү жабылат

  Мезгил

Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командаларынын боло турган беттешинен улам жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8 жарымда Кыргызстан Мьянмага каршы беттешет.

 Андыктан кечки саат 6дан баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

 Эске салсак, Кыргызстан тандоо турунун 1-жолугушуусун Тажикстанга каршы өткөргөн.

Душанбеде болгон оюн атаандаштын пайдасына 1:0 менен аяктаган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *