Бүгүн дагы 10 адамдан коронавирус аныкталса, 42 адам айыкты

  Мезгил

Кыргызстанда 1-майга саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталса, ал эми 42 адам айыкты. 

 Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 756 адамга жетти.

“Жаңы катталган 10 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5, Ош облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 жана Нарын облусунда 1 учур бар”, – дейт ал.

Ал эми айыккандардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Нарын облусу – 11, Жалал-Абад облусу -3, Ош облусу – 9, Ысык-Көл облусу -1, Ош шаарында – 10 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 504кө жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *