Бүгүн дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды

  Мезгил

Бүгүн, 20-апрелге карата Кыргызстанда дагы 14 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 568 адамга жетти. Ошондой эле акыркы суткада 68 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 4;

– Чүй облусунда 2;

– Ош шаарында 4;

– Жалал-Абад облусунда 3;

– Нарын облусунда 1.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *