Бүгүн дагы 21 адам коронавирустан айыкса, ал эми 21 адам жуктурду

  Мезгил

  Бүгүн 29-апрелде Кыргызстанда дагы 21 бейтап коронавирустан айыкса, ал эми 21 адам жуктурду.   Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова

Коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 9, Нарын облусу – 5, Жалал-Абад облусу – 3, Ош облусу – 1, Ош шаарында – 3 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 437ге жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын бардыгынын анализдери терс болуп чыкты. 

Ошондой эле “Жаңы катталган 21 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 13, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 6 жана Баткен облусунда 1 учур бар”, – деп маалымдады Акматова.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *