Бүгүн Дубайдан Бишкекке Кыргызстандын 177 жараны учуп келди

  Мезгил

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 177 жараны учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой бүгүн, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты.

“Бишкекке 177 кыргызстандык учуп келди. COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 26-апрелден 3-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан мурда жетишилген макулдашуунун алкагында КРнын 361 жараны Кыргызстанга кайтып келген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *