Бүгүн Германиядан 59 Кыргызстандын жараны учуп келди

 Мезгил

  Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 Кыргызстандын жараны Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 14-майда кыргызстандык жарандар «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти.

«Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнерде иштеген 48 КР жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан уюштурулган», – деп айтылат КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Министрликтин басма сөз кызатына кошумчалашкандай, азыркы учурда келген жарандардын баардыгы бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *