Бүгүн Кадыр түн болот

  Мезгил

Бүгүн Кадыр түн болот. Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Андан белгилешкендей, бул түнү мусулмандар уктабай, таңга чейин намаз окушат. Айрым хадистерге ылайык, бул түнү сыйынуу – 1 миң ай тынбай сыйынууга барабар.

Муфтияттан белгилеп кеткендей  ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү болот.

Азирети Айша энебиз күндөрдүн биринде Пайгамбарыбызга кайрылып: – Эй, Алланын Элчиси! Кадыр түндүн кайсы күн экенин билип, ал түндү сезсем, Аллага кандай дуба кылыйын? – деп сурайт.

Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) азирети Айша апабыздын бул суроосуна жооп кылып:

“Аллаахумма иннака афуввун кариимун. Тухиббул-афуа. Фаа-фу аннии!” – “Оо, Жараткан Алла! Сен кечиримдүүсүн! Кечиргенди жакшы көрөсүң. Мени кечире көр” – деген дубаны үйрөтөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *