Бүгүн мурдагы депутат Равшан Жээнбеков камакка алынаары айтылды

Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынаары айтылууда. Бул тууралуу Жээнбеков өзү интернеттеги баракчасына жазды.

 

“ИИМдин тергөө башкармалыгынан бүгүн жактоочу менен келүүнү айтышты. Себеби бүгүн камакка алышат экен. Мага “барымтага алуу” беренеси менен айып тагылууда. Менин укуктарымды жактоочум Азимбек Бекназаров коргойт. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейт”, – дейт Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков буга чейин Кой-Таштагы окуя боюнча суракка чакырылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *