Бүгүн мушкер Канатбек Келдибеков Орусияда мелдешке чыгат

   Мезгил

Бүгүн мушкер Канатбек Келдибеков Орусияда мелдешке чыгат. Орусияда өтө турган аралаш мушташ боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандан эки спортчу катышат.

Маалыматка ылайык, ACA уюмунун кезектеги ACA-113 турнири бүгүн, 6-ноябрда Москва шаарында өтөт. Кыргызстандын эки мушкери чакыруу алган.  

Мекендешибиз  Фаррух Ажиев АСАда алгачкы беттешин өткөрөт. Ал мелдешке бир жума калганда чакыруу алган. Ага чейин беттешери белгиленген мушкер жаракат алып калганына байланыштуу орду Ажиев менен алмаштырылган. Анын атаандашы украиналык Руслан Абилтаров болот.

Ал эми Канат Келдибеков орусиялык Александр Матмуратов менен жеңил салмакта беттешет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *