Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет

  Мезгил

Бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россия Федерациясынан жана Түркиядан мекендештерибиздин жакын арада келишине толук даярдык көрүүлөрү керек.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Кыргызстан  жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда.

“350 кыргызстандыктын келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат”, – деп айтылат маалыматта.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *