Бүгүн Садыр Жапаровдун соттук иши каралат

  Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча сот отуруму бүгүн, 19-августта саат 11:30да Чүй облусттук сотунда каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов  фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жактоочу Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп жатканына нааразычылык айтып, коомчулукка, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылды.

 Эске салсак,  Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингде «бийлик өкүлүн барымтага алууга» күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган болчу.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *