Бүгүн Стамбулдан Бишкекке 211 кыргызстандык учуп келет

   Мезгил

Бүгүн, 17-апрелде түштөн кийин Бишкекке “Стамбул-Бишкек-Стамбул” рейси менен 211 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган каттам Кыргызстандагы Түркиянын жарандарын эвакуациялоонун алкагында түрк тарап менен биргеликте уюштурулган.  

Бишкекке учуп келген жарандар “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери ортосунда видеоконференция форматында сүйлөшүүлөр жүрүп, анда чартердик каттамдар менен эки өлкөдө жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүү болгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *