Бүгүн Элмир Сыдымановдун иши каралууда. Аны колдоп ырчы Анжелика барды

  Мезгил

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун  иши каралып, ага сөз берилет. Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар аны 6 жылга эркинен ажыратууну суранган.  

Сот имаратынын алдында Элмирди колдоп  анын  жакындары, жана ырчы Анжелика менен Жан Сабыров да бар.

Белгилей кетсек, Элмир Сыдыманов 17-февралда Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, 28-февралда үй камагына чыккан. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча айыпталып жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *