Бүгүн Таласта алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

   Мезгил

Бүгүн, 16-сентябрда  Таласта алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бул тууралуу дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 Маалым болгондой,  турнир көк бөрү боюнча мелдештер менен ачылат.

Жалпысынан программага улуттук спорттун  10 түрү кирди. Алар боюнча ар бир 7 облус жана Бишкек менен Ош шаарлары өзүнүн курама командаларын түзөт. Ат оюндары Талас шаарындагы ипподромдо, күрөштүн түрлөрү ден-соолукту чыңдоо борборунда жана тогуз-коргоол оюну шаардын жанындагы интернатта өтөт. Мындан тышкары, этно-маданий иш-чаралар уюштурулат.

Эске салсак, Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары – бул дүйнөлүк турнирдин чакан үлгүсү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *