Бүгүн Владимир Зеленскийдин инаугурациясы болот

 Мезгил

Бүгүн, 20-майда Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин инаугурациясы болот.  Зеленский ант берип расмий түрдө ишине киришет.

  Жаңы Президенттин ант берүү аземине Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын мамлекет башчылары, Түркиянын вице-президенти, Молдовиянын премьер-министри, Белорусия, Румыния, Словакия жана Болгариянын вице-премьер-министри, АКШнын Энергетика министри, Канаданын Коргоо министри, Франциянын Европа маселелери боюнча министри, Польшанын ТИМ министри жана башка 40тан ашык жогорку даражалуу конок катышмакчы.

Белгилей кетсек, 41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан.

Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *