Бүгүн Жогорку Кеңеште уран боюнча мыйзам долбоору каралат

    Мезгил

      Жогорку Кеңеш Кыргызстан аймагында уран чыккан жерлерди чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салуу мыйзам долбоорун карайт.

 Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңеш тиешелүү токтомду 2-майда кабыл алган.

Анын алдында жарандык активисттер жана жергиликтүү жашоочулар Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде уран казууну токтотууну талап кылышкан.

Ал эми президент  Сооронбай Жээнбеков 4-майда Кыргызстанда уран казылбайт деп расмий жарыялады.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *