Бүгүнкү күнгө чейин 118 ыкчам байланыш номерине 18 миңден ашык чалуулар түшкөн

   Мезгил

 Бүгүнкү күнгө чейин 118 ыкчам байланыш номерине 18 миңден ашык чалуулар болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номери президенттин аппаратынын демилгеси менен түзүлгөн.

“Бишкекте колл-борбор үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде иштей баштаган. Аймактарда 15-майдан тарта жарандардын кайрылууларын кабыл ала баштады. Учурда өлкө боюнча 8 колл-борбордо 32 оператор иштеп жатат. Республика боюнча жалпы 18 миң 387 жарандан чалуулар болгон. Бишкек боюнча 14 миң 232, Чүй боюнча 671, Ысык-Көл боюнча 72, Талас боюнча 312, Нарын боюнча 163, Жалал-Абад боюнча 1 миң 377, Ош боюнча 1 миң 452 жана Баткен боюнча 101 чалуулар орун алган”, – дейт ал.

 Жарандардан эң көп чалуулар Бишкекте болгон. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *