Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлдү

Мезгил

Бүгүн 6-майдан тартып Бишкекте ысык суу бир айга токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой, ысык суу жылуулук системасын оңдоо иштерине байланыштуу бир айга токтотулган. Анда айтылгандай, быйыл «Бишкек жылуулук» ишканасынын линиясы менен жаңы жылуулук трассалары орнотулат. Мындан тышкары Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушун аяктоо зарылчылыгын белгилеген мэрия бул жылы оңдоо иштери жылдагыдан эрте башталганына түшүндүрмө берген.

 Ал эми  социалдык тармактардын колдонуучулары ысык суунун бир айга токтотулушу Орозо айынын башына туш келгенин айтып, нааразы болушкан.

 Калаа жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.

 Эске салсак, былтыр ысык суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *