Бүгүнтөн тарта жогорку окуу жайларга онлайн түрүндө кабыл алуу башталды

   Мезгил

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга онлайн түрүндө кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой,  бүгүнтөн тартып абитуриенттер 2020.edu.gov.kg/ порталына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

Бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек. Ал эми келишимдик негизде билим алууга босого упай – 105 балл деп орнотулду.

Эске салсак, экинчи тур 27-июлга белгиленди, акыркысы 3-августта башталат. Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыкташы керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *