Бүтүрүүчүлөр окуу жайларга онлайн тапшырат

Мезгил

2020-2021-окуу жылында КР ЖОЖдоруна жана КООЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн  Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова онлайн брифингде билдирди. 

 Анын айтымында  атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты. 

 Онлайн системанын негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

 Ошондой эле абитуриенттерге ЖОЖго кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *