Бабанов унаасына 5500 сом айып пул төлөдү

   Мезгил

Өмүрбек Бабановго 5 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кечээ, УКМКга сурак берүү үчүн кирген  Өмүрбек Бабановдун унаасын  Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы  Бабановго таандык болгон B7700AA мамлекеттик номурлуу  жолтандабастын терезелери караңгылатылгандыгы үчүн айып аянтчасына алып кетишкен.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Башкы прокуратура тарабынан президенттикке талапкер учурунда  2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүгө кирип кеткен.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *