Бабанов фракциясын чогултуп жатканы айтылды

    Мезгил

9-августта Москвадан кайтып келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 17-августта Бишкектеги ресторандардын бирине “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаттарын чогултуп жаткандыгын айрым массалык маалымат каражаттары жазышты.    

Белгилей кетсек, Бабанов Москвада 2 жылга жакын убакыт болду.

 УКМКнын маалыматына караганда, Өмүрбек Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Ал эми УКМК ал Кыргызстанга келе турган болсо жоопко тартыла тургандыгын айткан. Бабанов Кыргызстанга келгенине бир апта болгонуна карабай ал эч кандай жоопко тартыла элек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *