Бабанов кайрадан суракта

Мезгил

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке экинчи ирет сурак берүүгө барат. Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралууда.

Тактап айтсак, Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Ошондой эле Бабановго карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып да коюлган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, 9-августта кайтып келди. Бабанов Финансы полициясында “Кыргызстан” банкы боюнча эки жолу сурак берди. Ошондой эле быйыл банкка байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болду.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *