Бабанов: Мен камалууга даяр эмесмин

Мезгил

Кечээ, 19-августта  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Финполго 4 сааттан ашык сурак берип чыкты. Сурактан чыккан соң журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Анда “камалууга даярсызбы? деген суроого. “Эмнеге мен камалууга даяр болушум керек, мен камалууга даяр эмесмин. Чындык мен тарапта болсо, күнөөм жок болсо эмнеге камалышым керек.   Адам жакшы нерсени тилеп, жакшы нерсени ойлош керек. Камалганда ким утут,  камалганда саясий абал курчуйт. Андан эч ким утпайт, эл дагы мамлекет, бийлик  дагы утпайт” дейт Бабанов.

 Белгилей кетсек, УКМКнын маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Ал эми УКМК эгер Бабанов Бишкеке келе турган болсо жоопко тартылаарын айткан болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *