Бабанов Он-Адырда улут аралык кастыкты козуткан (текст, видео)

   Мезгил

   Бабановдун Он-Адырдагы сөзү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталгандыгын экспертиза кезегинде аныктаган

Мындан 2 жыл мурда президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр аймагына, Амир-Темир кичи районуна барып ал жерде жашаган өзбек тектүүлөр менен жолугушуу өткөрөт. Анда сүйлөгөн сөзү боюнча Башкы прокуратура «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), рассалык, диний же регион аралык кастыкты козутту» деген айып менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк бул иш УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бүгүн Бабановду УКМКга ушул иш боюнча суракка чакырды. Ал болсо күнөөлүү эмесмин деп актанып келет. Ал эми тергөө учурунда комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза Өмүрбек Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталганы аныктаган (https://sputnik.kg/incidents/20171104/1036159070/omurbek-babanovgo-kylmysh-ishi-kozgoldu.html). Биз Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзүн стилистикасын сактоо менен өзгөртүүсүз беребиз, өзүңүз талдап көрүңүз.

Өмүрбек Бабанов (28.09.2017):

Кудай буйруса мен президент болуп келгенде мамлекетибизде өзбек, орус, казак, кыргыз деп улутун карабайт. Татыктуу болсо баарыңар жакшы жумушка барасыңар (кол чабуулар). Билимиңерди карайт. Улутуңарды эч ким карабайт. Мен сөз берем (кол чабуулар). Биздин мамлекетибиздин байлыгы бул – биздин көп улуттан тургандыгыбыз. Биздин мамлекеттин байлыгы – ошол эле мына бир тууган өзбек эли (кол чабуулар). Өзбек эли. Кудай буйруса биз өзүбүздүн мамлекетибизди байытууга, жыргал жашоого келтирүүгө, ошол эле байкуш өзбек дыйканын, кыргыз дыйканы менен кол кармашып аракет кылат. Ошол эле жаш, кыргыз аскерде кызмат өтөп жаткан уулун, ошол эле бир тууган өзбек уулу менен бир, мылтыгын кошо бирге кармап турат. Ошон үчүн урматтуу элим, өзгөрө турган учур келди.

Мына мен бул Он-Адырга келе жатканда айтып жатат бул жерге бул ценаны койбогула, тиги жерге койгула, мындай болгула деп туруп. Биздин бильборддорду болсо алып, биздин начальник штабдарды коркутуп жатат. Мине ушулар силерди жыргатабы элим? Эми мына ушулар силерди коркутуп жатса, мени менен жолугууга келбе деп атса, ушулар силерди жыргатабы?

Мына Он-Адырда, Ош шаарынан 10 километр жерде турасыңар. Түштүк регионунун борборунда, таза сууңар жок, ушу да жашообу? Таза сууңар жок, бир күндө бир маал берет экен. Болбогон 35 километр жерден суу тартып алып келе албайт. Эмнеге силер аларга добуш беришиңер керек? Эмне үчүн, ошол 35 километр жерге таза сууну алып келип, мындай агызып койгон жок.

Урматтуу элим, урматуу өзбек калкым! Чөгөлөп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы (кол чабуулар). Тике туруп өлгөн жакшы (кол чабуулар, колдогон кыйкырыктар). Баардыгыңар бирге болсоңор, бирөөдү уруп атса баардыгыңар бирге чыксаңар эч ким силерди, эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет (кыйкырыктар).

Мен болсо ушул жерде турган укук коргоо органдарына кайрылып кетет элем. Ушул жерде жүргөн зам-министр Сүйүн Өмүрзаковго да кайрылып кетет элем. Өзүңөрдүн укугуңарды аткаргыла, мыйзамдын алдында сөзсүз түрдө жооп бересиңер. Шайлоо мыйзамынын негизинде, кайсыл укук коргоо органынын иштеп аткан ишкери аралашса, урматтуу офицер, сержанттар, буйрук мыйзамсыз берилип атса аткарбагыла, 3 жылга кесилесиңер. Үч жылга, үч жылга кесилесиңер! Эмне кереги бар силерге болсо, силер калыс болуп туруп бергиле. Элдин укугун коргоп бергиле. Башка бандиттер аралашып атса ошолорду камагыла. Ошондо эл силердин бетиңерди өбөт. Ошондо жашоо өзгөрөт.

Ортодо сөз алган өзбек провакаторунун айтканы:  

– Урматуу калайык, үч тилде жарым мүнөт сүйлөймүн, биринчиси өзбекче. Мына… президентпи ким кайсыл жерде сүйлөсө «Жашасын кыргыз элим», «кыргыз элиме», «кыргыз элиме» деп сүйлөйт. А мына Бабановду мен 5 жылдан бери байкап жүрөм «Кыргызстан элим жашасын» деп сүйлөйт (кол чабуулар, кыйкырыктар). А эмне биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызда кыргыздан башка эл жокпу? (Кыйкырыктар, кол чабуулар, коштоолор). Эмнеге баарысы «Кыргызыстан, кыргыз элим» а Бабанов «Кыргызстан элим» дейт. Ушундай адамга мен батиңкасын жалап коём мейли (кыйкырыктар, колдоолор). Кыргызыстан элим деп сүйлөйт өзбөктөр! … улутчул эмесипз, улутчул болгонубузда башка элден киргизбеген болор элек. Бизге кыргыз бир тууган. Беш балам бар, бешөө беш улутта, кыргыз күйөө балам бар, башкасы бар. Ошондуктан «Кыргызыстан элим» деген кишини шайлабасак уят болот. Чоң рахмат!

Кайрадан Бабанов сөз алат:

– Мынакей жаңы атабыз чыгып айтпадыбы «кыргы эли», «кыргызстандыгым», «өзбек элим» деп. Муну улут деп, мындайча улутчулдук деп көрбөш керек. Ар бир адам, бирден-бир, өзүнүн улутун сыйласа, бирден-бир жашаган жерин сыйлап, бир туугандык мамиле болушу керек. Улут бул ата менен ападан берилет. Аң сезим, жүрөк, биздин каныбыз да, көзүбүз да түзүлүштө баардыгы бир. Бир эле паспортто жазылат. Ошон үчүн ар бир адам өзүнүн улуту менен сыймыктанса, ага кол чаап колдошубуз керек. Бир туугандыкта гана жашашыбыз керек. Талаш-тартышта эч нерсе өнүкпөйт. Себеп дегенде ар бирөөбүз ар башкабыз. Бирок жалгыз гана мекенибиз бар. Бул – Кыргызстаныбыз. Жалгыз гана мекенибизди сакташыбыз керек. Ушунун келечеги үчүн күрөшүшүбүз керек. Ошондо негизги бакубатка … батсак. Бай мамлекетте жашайбыз урматуу… Мен калыстыкты алып келем. Ар бир адамдын, ар бир жарандын улутуна карабай калыстык болот. Мен сөз берем (омиин деп бата тилешет, кол чабуулар). … Мен болсо 26 жылда жасалбаган чоң реформаларды жасайбыз. Чоң өзгөрүүлөр болот.

Соңку сөз.

Бабанов өзбек аксакалдын «Ушундай адамдын мен батиңкасын жалап коём мейли» деген сыйына кайсыл сөздөрү менен татыктуу болгондугун эми түшүнгөн чыгарсыз. Бул материалды берүү менен биз эки элдин арасына от коюп, козутуу, шек келтирүү манайын максаттаган жокпуз. Бул айтылгандар факт, далилдүү гана чындык.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *