Бабанов саясий жактан куугунтукталган кишидей актанып, сыйкырдуу өнөрүн көргөзөбү?

Мезгил

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши көпчүлүктүн талкуусуна түштү. “Саясий кырдаал курчуп турганынан пайдаланып Кыргызстанга келди, ал кандай бийлик болбосун тил табыша алат” деген кептер желдей тарады. Алтургай саясий серепчилер Бабанов өзүн саясий жактан куугунтукталган киши катары көрсөтүп, бийлик менен тил табышып, кызматка көз артып жатканын да божомолдошууда. Кыскасы Бабанов шайтан менен да тил табышчу, сыйкырдуу өнөрүн колдон келишинче колдонот имиш.

Учурда Бабанов “мага шайлоодон кийин эч кандай юридикалык негизи жок, саясий буйрук менен иш козголгон” деп жактоочулары менен өзүн актоого, тергөө амалдарына даярданып жаткан кези экен.

Ошондой эле Бабановдун “саясаттан кеттим” деген сөзү бар эле, эми ошол сөзүнө турабы же кырдаал өзгөргөндө Өмүрбек Бабанов да кубулуп чыга келеби, саясатка шымаланып… Бирок бул туурасында сайттардын бирине “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Өмүрбек Бабановдун саясатка келчү ою жок экенин билдирген.

– Өмүрбек Токтогуловичтин саясатка кайтам деген ою жок. Ал бир жыл тогуз ай мекенинде болгон жок. Азыр үй-бүлөсү, мекендештери менен жолугуп, баарлашып жүрөт – деди Жээнчороев.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келер алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирген. Бүгүн УКМК оозуна талкан куюп алгансып унчукпай келет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *