Бабанов Текебаевге кантип арыктоонун сырын бөлүштү

Мезгил

   Президенттик шайлоодон жеңилгенден кийин Москваны көздөй бет алган Өмүрбек Бабанов эки жылга жакын Орусияда жүрүп, жай айында мекенине келген. Ал Бишкекке келгенде мурдагысына караганда бир кыйла арыктап калганы байкалган болчу. Көрсө мунун бир сыры бар экен. Ал кантип салмак таштаганы боюнча саясатчы Өмүрбек Текебаевге бөлүшүптүр. Текебев бул туурасында массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып айтты.  

“Бабанов арыктап, жашарып калыптыр. Мен андан кандай диетаны карманарын сурадым. Ал кармаган диетасы жана спорт менен алектенгени туурасында айтып берди. Эгерде, мурда диеталар жөнүндө аялдар гана сүйлөшүшсө, азыр ушундай заман келди, ал тууралуу карылар да сүйлөшүшөт.

Көрсө, алма уксусу болот экен. Төрт пайыздуу. Эки чай кашык мындай уксусту бир стакан сууга кошуп, аралаштырып, тамактанарга жарым саат калганда ичүү керек экен. Бул арыктаганга жана ден-соолукту чыңдаганга жардам берет дешти. Бабанов атайын мен үчүн Москвадан табигый уксус буюртма кылып, мага белек кылды. Мен белекти ушундай эреже менен ичип жатам” деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаевге дарыгерлер салмак ташташ керектигин айтышып, ал спорт залга барып жаткандыгын айткан.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *